Германиянын улуттук курамасынын оюнчусу Лерой Сане “Бавария” менен келишимге кол койду. Бул тууралуу мюнхендик команда расмий билдирүү таркатты.
Маалыматка ылайык, оюнчу жаңы командасы менен 5 жылдык келишимге кол койгон. Жаңы келишимге ылайык, 24 жаштагы футболчу “Бавариянын” курамында 2025-жылга чейин ойнойт. Анын трансфери үчүн "Манчестер Сити" 50 миллион евродой каражат алган.
“Бавария” - чоң команда жана чоң дымагы бар, менин каалоолорума төп келген команда. Мен жаңы чакырыктарды чыдамсыздык менен күтөм жана команда менен бирге машыгууларды күтүп жатам. Мен Ханс Флик менен Германиянын жаштар курамасында жүргөндө таанышканмын, биздин мамилебиз жакшы”, - деген футболчу.
Сане “Манчестер Ситинин” курамында 2016-жылдан бери 135 оюн өткөрүп 39 гол киргизген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн