Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Лейлек районунда бир нече айылда сел жүрүп, үйлөр жана жолдор жабыркады (фото)

Лейлек районунда бир нече айылда сел жүрүп, үйлөр жана жолдор жабыркады (фото)

Лейлек районунда бир нече айылда сел жүрүп, үйлөр жана жолдор жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.


Саат 17:40-чамасында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Лейлек а/а Ак-Терек айылында 11 турак үйдү, 8 турак үйдүн короолорун сел каптаган. Ошондой эле, Ак-Суу а/а Ак-Суу айылында 2 турак үйдүн короосун, Катраң айылынын Таңгиоозу тилкесинде 4 турак үйдүн короосун, Калтарык тилкесинде 4 турак үйдүн короосун да сел каптаган. Мындан сырткары Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318, 320-чакырымын, Катраң а/а Өзгөрүш айылында Катраң-Өзгөрүш ички чарбалык жолунун айрым жерлерин сел каптаган. Жеринде №13 ЖТИден 1 погрузчик, 2 грейдер, Ак-Суу а/а 1 жүктөгүч тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле КР ӨКМнин Лейлек райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу жана райондук ЖК комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүшүүдө. Маалымат толуктап берилип турат.


Жалпы район боюнча селдин тийгизген кесепети төмөнкүчө:

- 21 турак үйдүн ичине сел суулары кирип жабыркады.

- 14-турак үйдүн тамаркасына сел суулары кирген.

- 213 метр ички жолдор жабыркады


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн