Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Лейлек районунда чек арадагы айылда милициянын бөлүмү ачылды

04.11.2021 10:35
1275
Лейлек районунда чек арадагы айылда милициянын бөлүмү ачылды


Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка 2 айылында милициянын аймактык пункту ачылды. Ачылуу аземине өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов, жергиликтүү айыл башчылар, ошондой эле ошол айылдын тургундары катышты. 


Алгач Абдикарим Алимбаев жыйналган элге милициянын азыр учурдагы аткарган иштерине жакшы баасын берип, эл менен милициянын ортосундагы ынтымакты бекемдөө үчүн ишеним керектигин, ошондой эле түйшүктүү жумушта коомдун коопсуздугун сактоо маанилүү экендигин айтып өттү.


Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов “коопсуздукту сактаган милициянын уполномоченныйы бул пункта күнү-түнү болот. Жарандардын арызын, кайрылууларын, даттанууларын кунт коюп угуу бул биздин түздөн –түз милдетибиз болуп саналат. Кайсы гана учурда кайрылбаңыздар милициянын уполномоченныйын ушул жерден жолуктурасыздар” деп айыл тургундарына кайрылып кетти. Ошондой эле, милиция кызматкерлерине Арка2 айыл тургундарынын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кошкон салымы, көрсөткөн жардамы жана кызматташтыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, сыйлыктарды тапшырды. Себеби, кылмыштуулук менен күрөшүүдө милициянын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында аталган милициянын аймактык пунктунун курулушуна жакындан жардам берген. 


Бул аймактык пункт заманбап типте курулуп, бир тарабында милициянын уполномоченныйынын иш бөлмөсү, жарандарды кабыл алуу бөлмөсү болсо, ал эми экинчи тарабында үй-бүлөсү менен жашаганга толук шарты менен курулган. 


Жарандарды кабыл алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча заманбап жардамдарды көрсөтүү үчүн имаратта бардык шарттар түзүлгөн. Бул пунктта милиция кызматкерлери күнүгө иштеп, өздөрүнө ыйгарылып берилген кызматтарын аткарышат.  


Ошондой эле Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында Кыргыз Республикасынын ИИМ жана “Эл аралык толеранттулук үчүн” коомдук фонду жана Saferworld уюму менен кызматташтыкта Кыргыз Республикасындагы АКШнын Элчилигинин “Наркотикалык заттардын эл аралык айлануусу менен күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү (INL)” боюнча бөлүмүнүн колдоосунун астында коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) имараты курулуп, ишке берилди. Бул коомдук алдын алуу борборунда аксакалдар соту, аялдар кеңеши ошондой эле жаштар координаты милициянын участкалык уполномоченныйы менен биргеликте иш алып барышат. 


КААБтын ар бир мүчөлөрүнө өз алдынча иш бөлмөлөр ажыратылып, заманбап техника, эмеректер менен камсыздалган.


Коомдук алдын алуу борборлору жергиликтүү жашоочулар арасында алдын алуу иштерин жүргүзүшөт. Аларга түшкөн арыз-даттанууларды, мыйзамсыз аракеттерди жана жашоочулар арасындагы түшүнбөстүктөрдү кароо жана аларды чечүү боюнча жумуштарды алып барышат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн