Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 11:56
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Лейлек районунда чек арадагы окуя боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

09.07.2021 12:47
3113
Лейлек районунда чек арадагы окуя боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Баткендин Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өкүлдөрү тажикстандык күч кызматтары менен чогуу 8-июлда Лейлектеги Көк-Жайлоо аймагындагы жаңжал боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын  билдирди. Рахманкулов так маалымат сүйлөшүү бүткөндөн кийин болоорун кабарлады.


Буга чейин Чек ара кызматы Кыргызстандан бир аскер кызматкери каза болгонун расмий билдирди.


“Тажикстандын чек арачыларынын куралдуу кол салуусунан улам Кыргызстандын чек арачысы, 27 жаштагы сержант Хуснидин Хожиев курман болду. Жоокердин өлүмүнүн чоо-жайы териштирилүүдө”.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн