Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 16:41
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Лейлек районунда гранатомёттун 2 снаряды табылды

18.01.2022 15:05
1394
Лейлек районунда гранатомёттун 2 снаряды табылды

 Баткен облусунан мыйзамсыз сакталып жүргөн ок атуучу куралдар менен жардыруучу түзүлүш табылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Баткен облустук Кадамжай РИИБдин кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундар 1997-жылы туулган М.Б. жана 1992-жылы туулган Т.А. 2 даана сайсыз ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүшкөндүгү аныкталган.


Соттук-баллистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган ок атуучу куралдар 16-калибрлүү жана атууга жарактуу экендиги аныкталган. Бул факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Андан сырткары, 2022-жылдын 10-январында Лейлек районунун Исфана шаарында орун алган Кыргыз Республикасынын УКМКнын чек ара кызматынын кызматкери Интернационал айылына жакын жердеги талаадан жергиликтүү тургундар снаряд таап алышканын маалымдаган. 


Аталган факты Лейлек РИИБнин Маалыматтардын электрондук журналына катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып текшерүүдө “Козу-Баглан” суу каналынын ичинен РПГ-7В үлгүсүндөгү гранатаметтун 2 снаряды табылган. 


Окуя болгон жерге барган Лейлек РИИБнин ыкчам-тергөө тобу аскер бөлүктүн саперлору менен биргеликте жардыруу иштерин жүргүзүшкөн. Жарылган түзүлүш боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.


Ички иштер министрлиги жарандар ок атуучу куралдардын ээси болбосо, аны сактоого, колдонууга уруксат берилбээрин эскертет. 


Ок атуучу куралдарды өз эрки менен тапшыруу максатында ички иштер органдарына баруу милдеттүү эмес, милицияга телефон аркылуу чалуу жетиштүү.


Өз эрки менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулаарын билдиребиз.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн