Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Лейлек районунда милиция кызматкерлери чек арадагы эл менен жолугушту

28.02.2022 15:45
479
Лейлек районунда милиция кызматкерлери чек арадагы эл менен жолугушту


Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлери райондун акими, жергиликтүү күч структуранын, мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте эл менен жолугушуп, элдик жыйындарды өткөрүштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Жыйындын жүрүшүндө коомдук тартипти көзөмөлдөө, кылмыштуулуктун алдын алуу, чек ара, жер, суу, жайыт маселелери көтөрүлүп, талкуулар жүрдү. Жогоруда аты аталган аймактарда катталган кылмыштар өз учурунда бети ачылып, коомдук тартипти сактоодо милиция кызматкерлери күнү-түнү кайгуулдарда жүрүп жатканын баса белгилешип, жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлеринин аткарып жаткан кызматында маселелер жок экенин билдирип, ыраазычылыктарын айтышты.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн