Чын курандын 15, 2025
Убакыт: 13:38
USD
87.40
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.035
1.085

Лейлек районунда рейддин жүрүшүндө 1 кылмыштын бети ачылды

01.03.2022 13:31
560
Лейлек районунда рейддин жүрүшүндө 1 кылмыштын бети ачылды

Лейлекте “Профилактика” иш-чарасы жайынтыкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


 Лейлек районунда эки күндүк “Профилактика” коддук аталыштагы иш-чарасы өткөрүлүп, Лейлек РИИБнин кызматкерлери 5топко бөлүнүп иш алып барды. Район аймагында жашаган тургундарга укук бузууларды алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга жол бербөө багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айыл арасында паспорттук режимдерди өткөрдү.


  Паспорттук режимдин жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын үй-мүлкүнө, мал-жандыктарына сак болуусу эскертилди жана алардын баары текшерилип, элдерге профилактикалык иштер жүргүзүлдү.

 

“Профилактика” коддук иш-чарасынын жыйынтыгында мурда катталган 1 уурулук кылмышынын бети ачылып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 127-беренесинин (коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүү) негизинде 2 жаранга протоколдор толтурулуп, материал Лейлек райондук соттук кароого жиберилген. Ал эми 133-134-беренелер (ок атуучу куралдардын сактоо эрежелерин бузуу, каттоо мөөнөтүн бузуу) боюнча 7жаранга протоколдор түзүлүп, анын ичинен төртөөсүнө эскертүүлөр берилип, үчөөнө айып пулдар салынды. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн