Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 14:51
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Лейлек районунда рейддин жүрүшүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

13.05.2022 14:43
1126
Лейлек районунда рейддин жүрүшүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Баткен облусунун лейлек районунда "КАЙЫРЧЫ" аталышында рейд өткөрүлдү.БУл тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


 Баткен областынын Лейлек районунун аймагында 2022-жылдын 12-13-май күндөрү "КАЙЫРЧЫ" аталыштагы иш-чара өткөрүлүп жатат. Иш чаранын жүрүшүндө Лейлек РИИБнин милициянын участкалык уполномоченныйлары менен балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору жер жерлерде сырткы жана ички мигранттардын балдарын тактоо, алардын коопсуздугун камсыздоо максатында алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. 


  Ошол эле учурда, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуу алдын алуу, зордук зомбулукка бөгөт коюу, сууга чөгүүнүн алдын алуу максатында жаш балдарга жана элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Лейлек районунун аймагында “КАЙЫРЧЫ” атталышындагы алдын алуу иш-чаранын жүрүшүндө милициянын көчмө кабылдамасы менен үймө үй кыдыруу жана жарандардын көйгөйлөрүн угуп өз жайында чечүү үчүн иш-чараны жүргүзүп жаткан учурда, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренесинин (Балдардын ден соолугуна, дене-бойлук, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузуу) жана 102-беренесинин (Ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде 2 протокол толтурулуп, айып пулдар салынды. Жол эреже бузган айдоочуларга мыйзам чегинде чара көрүлүп 

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) негизинде мыйзам бузган автоууна айдоочуларга 3 протокол толтурулуп, айып пулдар салынды. 

 Андан сыроткары ИИМдин коллегиянда Улан Ниязбеков койгон беш багыттагы тапшырмаларын ар бир пунктуна оз убагында аткарылышы керек экендиги белгиленип кун сайын иш алып барылууда.   

  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн