Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:24
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Лейлек районунда сел жүрүп, бир кишини агызып кетти

Лейлек районунда сел жүрүп, бир кишини агызып кетти



Лейлек району. Алдын ала маалымат боюнча, саат 17:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Катраң а/а Козу-Баглан, Катраң айылдарында, Лейлек а/а Лейлек айылында, Тогуз-Булак а/а Тогуз-Булак, Айкөл айылдарында жана Исфана шаарынын Голбо, Чымген айылдарында сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун, ички чарбалык унаа жолдордорду, ички чарбалык арыктарды жана көпүрөлөрдү каптаган. Мындан сырткары Лейлек а/а Ак-Терек айылында 25 турак үйдүн ичине сел суулары кирип, 20 турак үйдүн, 1 мектеп, 1 бала-бакча жана 1 мечиттин короосун сел суулары каптаган.

Э

Селдин кесепетинен (2005-ж.т. А. у. А.) аттуу баланы сел агызып, жергиликтүү тургундар тарабынан маркумдун жансыз денеси табылган. 


Жеринде Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы, КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан жана Баткен облустук башкармалыгынан ыкчам топтору иш алып барууда.


Кошумча маалымат берилет. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн