Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:32
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Лейлек районунун жашоочуларына мал уурулукту алдын алуу боюнча кеңештер берилди

30.05.2022 18:28
1985
Лейлек районунун  жашоочуларына мал уурулукту алдын алуу боюнча кеңештер берилди


2022-жылдын 30-май  күнү Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын айылдарында милиция кызматкерлери  жергиликтүү тургундар менен  жолугушту. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди. 


Кулунду айылы Тажикстан Республикасы менен чектеш болгондуктан, бул жакта жашап жаткан элдер арасында Кулунду  айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милициянын участкалык уполномоченныйлары мал уурулукту алдын алуу боюнча кеңештерди беришип,  коопсуздук эрежелерин түшүндүрүштү. Андан сырткары паспортук текшерүү жана участоктордо, калктуу конуштарда коопсуздукту камсыздоо,  кылмыштуулукка жол бербөө жана алдын алуу,  ар түрдүү уурулуктарды болтурбоо максатында  түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүштү.


Жергиликтүү жашоочулар тарабынан берилген сууролорго милиция кызматкерлери жооп беришип, короолорунун эшиктерин бекемдеп, мал жандыктарына сак болууларын эскертишти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн