Бугу 06, 2024
Убакыт: 03:22
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Лейлекте 10 жаштагы бала эки жарым жылда Куранды толук жаттаган

06.12.2022 12:39
1396
Лейлекте 10 жаштагы бала эки жарым жылда Куранды толук жаттаган



Баткен облусунун Лейлек районундагы Лейлек айылынын жаш тургуну Анас Гапаралиевге Лейлек районунун баш имам-хатибинин атайын сертификаты тапшырылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Сыйлыкты “Лейлек” мечитинин ачылыш аземинде Лейлек районун Кулунду айылындагы “Таир” медресесинин мурунку мүдүрү, дин аалымы Ибрахим ажы Кадыров тапшырды.


Анас Гапаралиев 10 жашта болгонуна карабай, 2 жыл 6 айда 30 пара Куранды толук жаттап бүтүргөн. Ошондуктан ага кызыктыруу максатында Лейлек райондук хатибиятынын атынан атайын белек ыйгаруу чечими кабыл алынган.


“Эгер кимде-ким Куран жаттаган болсо, акыретте анын ата-энесине алтын таажы кийгизилет. Бүгүн ушул баланын ата-энеси эң бактылуу инсандардан болду. Ушундай жаш балдар көбөйө берсин. Алган илимине Аллахым береке берсин. Ар дайым тилинен, дилинен Куран түшпөсүн. Куран нуру менен ар дайым нурданып жүрө берсин”, – деди Сейитбек ажы Полотов.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Омурбек
МааШааАллаах,