Лейлек районунда Козу-Баглан дарыясына кичи ГЭС курулууда. Бул тууралуу "Баткен тв" билдирди.
Баткен облусунун Лейлек районундагы Козу-Баглан дарыясынын жээгиндеги Өзгөрүш айылына ички инвестордун колдоосу менен кичи ГЭС курулууда. ГЭСтин жалпы сметалык баасы 7 миллион АКШ долларын түзөт. Чакан ГЭС курулуп калса, айылдагы бир топ социалдык маселелер чечилип, айыл тургундары жумуш орундары менен да камсыз болушат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн