Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Лейлекте Тажикстандын жараны мал уурулукка шектелип кармалды

Лейлекте Тажикстандын жараны мал уурулукка шектелип кармалды


Лейлекте коңшу мамлекеттин жараны мал уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Арка-2 айылынын 58 жаштагы Д.А. аттуу тургуну 9 баш бодо малы белгисиз жарандар тарабынан уурдалганын билдирип, арыз менен милицияга кайрылган.

Бул факт Лейлек Ррайондук милициясына каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурулук") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Лейлек райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иш-чараларын уюштуруп, Жаңы-Жер айыл аймагынын 17 жаштагы 3 тургуну аныкталып, кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандар Согди облусунун Б.Гафуров районунун Хиставарс айылынын 29 жаштагы У.Н. аттуу тургуну менен биргеликте ушул жылдын октябрь айынан бери жалпысынан 7 факт мал уурулуктарын жасап жүргөндүгү аныкталды.

Азыркы күндө кармалган 29 жаштагы У.Н. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн