Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Лейлекте аткезчилик менен 5 тонна жүк алып өтүүгө аракеттенгендер кармалды

Лейлекте аткезчилик менен 5 тонна жүк алып өтүүгө аракеттенгендер кармалды

Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары аткезчилик жүктү токтотушту. Бул тууралуу КР УКМК Чек ара кызматынын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.


Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн Кольцо айылынын аймагында  чек арачылар Кыргыз Республикасынын жарандары Н.К. жана К.А.нын башкаруусундагы Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү эки унааны  кармашты. Алар өткөрүү пунктунан тышкары Тажикстандан Кыргызстанга эл керектөөчү товарларды, жашылча-жемиштерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.


Кармалган жүктүн көлөмү болжол менен 5 тоннаны түзгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, контрабандалык продукциянын жалпы наркы 530 миң сомдон ашык сумманы түзгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн