Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Лейлекте мунай иштеткен кичи завод ишке берилет

21.04.2021 13:13
2052
Лейлекте мунай иштеткен кичи завод ишке берилет


Баткен облусунун Лейлек районунда «Сафар» жоопкерчилиги чектелген коому мунай иштетүүчү чакан завод куруп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика жана өнөр-жай министрлиги кабарлады.


Анда айтылгандай, учурда заводду ишке киргизүүгө байланыштуу чаралар аткарылууда. «Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому менен жылына 10 тоннага чейин мунай алуу тууралуу келишим түзүлдү.


Завод май айында толук иштеп баштамакчы. Андан кийин жылына жаңыланып, чийки затты иштетүү сыйымдуулугун арттырып турат. Жылына 50 миң тоннага чейин мунай иштетет деген эсеп бар. Ал дизелдик күйүүчү май жана мазут чыгарат. Жалпы 40тай киши иштейт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн