Бугу 21, 2024
Убакыт: 18:54
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Лукашенко жана Рахмон Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады

09.05.2022 13:51
1202
Лукашенко жана Рахмон Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады

Беларусь Президенти Александр Лукашенко Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат саясат бөлүмү билдирет.


«Азап жана кубанычтын көз жашы менен биз бул жаркыраган күнү адилеттиктин, өз ара урматтоонун жана тең укуктуу өнөктөштүктүн идеалдарынын салтанаты үчүн күрөшкөндөрдүн жана курман болгондорду эскеребиз.


Биздин күч-аракеттерибизди бириктирүү менен гана биз глобалдык чакырыктарга туруштук берип, заманбап чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү жолдорун таба аларыбызга терең ишенем. Беларусь Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук жана ишеним принциптерине негизделген жемиштүү мамилелердин мындан ары да өнүгүшүнө ишеним билдиргим келет», — деп айтылат телеграммада.


Ошондой эле, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады


«Согуштун каардуу жылдарында биздин өлкөлөрдүн элдери бул жеңиш үчүн согуштун талааларында жана тылда ийиндеше биригишкен. Ата-бабаларыбыздын тынчтык, эркиндик жана келечек муундардын бактылуу келечеги үчүн жасаган даңктуу эрдиги тууралуу жаркын элеси жүрөктөрүндө түбөлүк сакталат. Мамлекеттерибиздин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелер тараптардын жалпы кызыкчылыктарына ылайык мындан ары да жемиштүү өнүгө берерине ишенем”, - деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн