Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 22:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

МАЛИГИМ, КОШКУН ДЕДИМ…

05.05.2022 12:43
4216
МАЛИГИМ, КОШКУН ДЕДИМ…


МАЛИГИМ, КОШКУН ДЕДИМ… 

(Жан дүйнө жаңырыгы)

… Түнүң бейпил болсун, алтыным. 

Малик, бүгүн сага бардым. Сен унчукпай жатасың. Ойлонуп отуруп кейийм. Мен өлгөндө сен барып куран түшүрсөң кандай сонун болор эле. Аттиң жашоо десең, төрөп, чоңойткон энең мен барып, мусапырдай болуп сени самап, сени менен учурашканы барып, отуруп келдим. Чиркин жашоо, кайрадан мурункудай сен жанымда болсоң кана?! Менин жашоомдо эч кандай, эч кандай арман болбойт эле го!..

Эмичи?! Көкүрөк толо арман, басып билдирбей жүргөнүн менен ичим өрттөнөт. Оюмдан эч кетпейсиң, бирок акыры сени менен бирге болом деп өзүмдү сооротуп жашап келем. Өмүр бою бирге болгон күндү күтүп жашайм, менин кол жеткис арманым!

***

Кутман күнүң менен, Малик. Бүгүн эмнегедир кеч турдум. Кечирип кой, күнүң көңүлдүү өтсүн, алтыным. Мен сени аябай жакшы көрөм. 

***

Эмнегедир мен сени эстей берем. Бассам-турсам оюмдан эч кетпейсиң. Бүт дүйнөңдү өзүм гана ээлеп алып, кое бербей жаткандаймын өзүңдү мен. 

***

Эми мен канча жашайм, Кудай билет,

Ар кандай кыжаалаттык мээни ээлейт.

Качан гана сага барсам эс алчудай,

Кандайдыр бир сезимдер белги берет.

***

Алтыным, мени неге таштап кеттиң,

Ушунчалык куса болуп күтө берем.

Эгерде жакшы көрсөң мени, уулум,

Келип мени алып кетчи өзүң менен.

Кыйнабастан алып кетчи өзүң менен!?

***

Аттиң десең, бирге баскан күндөр калды, 

Жашоомдуң эң таттуусу артта калды. 

Азыр менин жан дүйнөмдү ээлеп алган, 

Малик, 

Малик деп боздогон сезим калды. 

***

Малигим менин, күндөр өтүп жатат. Бирок сен жүрөктөн өчпөй, кайра күндөн күнгө жүрөктү өрттөп жатасың. Мен сенсиз күн өткөргөнүм менен, мээм сенсиз убакыт өткөрбөй жатат. Мен билбейм, эмне кылышты. Балам, жол көрсөтчү мага, ушунчалык күчтүү болоюн десем да болбойт экен. 

Сенсиз жашоо кызыксыз. Мен сен бар кезде кандай бактылуу элем. Сен билесиң, бирок азыр убакыт өткөнү эсеп болуп, жашоо уланып жатат. Сен менин бүткүл дүйнөм экенимди сезсең кана!? Мен сени өмүрүмдүн акырына чейин аябай жакшы көрүп, сүйүп өтөм, менин уулум Малик.

***

Малигим, бүгүн кайра кыйналдым мен, 

Элесиң эстен кетпейт жүрөктү эзген. 

Отурсам-турсам сени эстей берип, 

Жүрөгүм, бүткүл дүйнөм сен деп кетет.

***

Билбеймин, эми кандай болоор экен,

Жашообуз мурункудай болоор бекен.

Жүрөгүм күндө эзилип, сен дей берип, 

Акыры бир күн сен деп токтоор бекен?!

***

Күтөмүн жолугаарды сени менен, 

Күтөмүн өтөр күндү өзүң менен.

Сен да күт, алтын балам, балапаным, 

А көрө алып кетчи өзүң менен!..

***

Канткенде кусалыгым тарайт менин,

Жүрөгүмдүн канаганы токтойт бекен?

Кудайым ай, кыйнай бербей мени мынча, 

А көрө алып кетчи балам менен, 

А көрө жолуктурчу балам менен?!

***

Малигим, сени аябай сагындым. Кантем, билбейм, кантем, билбейм…

***

Менин Малигим, мен сени аябай сагындым. Сен менин жашоом, дем алган абам, бүткүл дүйнөм экениңди сезсең кана?! Күндөн күнгө кыйналып жатам. Сенсиз жашоо таңдын атканы, күндүн батканы эсеп болуп жатат. Сен барда ар кандай пландар менен жашасам, азыр уктап сени унутсам, кичине болсо дагы мээм эс алса гана деп атат.


Чыгарманы толугу менен көчүрүү үчүн файлды басыңыз

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айчурок
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, Аллах бейиштин Фирдаусун насип кылсын! Эжем менен жездем кыздарынын бактысы үчүн көп жашасын!