Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

МИК Садыр Жапаровдун мурдагы үйүн сатыкка койду

30.11.2021 13:31
502
МИК Садыр Жапаровдун мурдагы үйүн сатыкка койду

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК Бишкек шаары Кудайбергенов көчөсү, 81а дарегинде жайгашкан турак-жайды сатуу боюнча ачык аукцион жарыялайт.


Компаниянын расмий сайтында маалымдалгандай, сатуу 2021-жылы 24-декабрда саат 11:00дө өтөт. Алдын ала аукцион өткөрүлүүчү жер - Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 228.


“Мамлекеттик ипотекалык компания президент белек кылган үйдү сатыкка койду. Түшкөн акча-каражатка даяр батирлер сатып алынат. Батирлер "Менин үйүм 2021-2026" турак жай програмасынын катышуучуларына "кийин сатып алуу" механизми боюнча ижарага берилет”, - деп айтылат маалыматта.


Турак-жайдын баштапкы баасы 33 млн 700 миң сом.


Эскерте кетсек, 30-сентябрда КР президенти Садыр Жапаров өзү жашап келген турак жайдын документтерин «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын төрагасы Аида Төлөгөновага бекер негизде тапшырган. Ал «Менин үйүм 2021-2026» жаңы мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында «МИК» ААКсына муктаж болгондорду турак-жай менен камсыздоого жардам берүүнү каалай турганын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн