Бугу 21, 2024
Убакыт: 14:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

М.Маматалиев талаштуу мыйзам тууралуу: "Менин ордума башка депутаттар добуш берген"

27.06.2020 13:50
985
М.Маматалиев талаштуу мыйзам тууралуу: "Менин ордума башка депутаттар добуш берген"

Жогорку Кеңештин депутаттары 25-июндагы жыйында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышкан.


Демилгечилер — депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова. Бул мыйзам долбоорун кабыл алууга  79 депутат макул болсо, 10 депутат каршы добуш берген. 


Жыйында кээ бир депутаттар мыйзам долбоорун артка кайтарып алууну сунуштаса, кээ бири кайра иштеп чыгуу керектигин билдиришкен. “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Марлен Маматалиев мыйзам долбоорго каршы экенин билдиргени менен жыйынтыгында "макул" деп добуш берген. 


Марлен Маматалиев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдиргендей, ал аталган мыйзам долбоору мынчалык тездик менен кабыл алынат деп ойлогон эмес. 


"Ооба, мен бул мыйзам долбооруна каршы экенимди буга чейин билдирип келгем. Жыйында дагы демилгечилерге мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу керектигин жана "фейк" менен сөз эркиндигин ажырата билүү керектигин айткам. Мен эч качан сөз эркиндигине каршы болгон эмесмин. Буга чейин телеберүүлөргө катышканымда бул мыйзам долбоорун колдобой турганымды айткам. Бирок мен мыйзам долбоору ушунча тездик менен кабыл алынат деп ойлогон эмесмин. Ар бир мыйзам үч окууда кабыл алынат, алардын ортосунда 10 күн аралык болушу керек. Бул долбоор күзгө чейин каралат деп ишенгем. Менин ордума башка депутаттар добуш беришсе дагы, буга чейин айткан убадамды аткарбаганым үчүн активисттерден кечирим сурайм", - деди депутат. 

Ошондой эле, ал жыйында жок болгондугунун себебин айтып жатып: "Атамдын ден соолугуна тынчсызданып, медициналык кызматкерлердин бригадасын чакыртып, коронавируска карата анализ тапшыртып жатканбыз. Жакындарын ооруп жатканда кабатырланасын. Ошондуктан мен жыйындан улам чыгып кетүүгө туура келип жаткан. Добуш берүү учурунда дагы жок болгом, менин ордума башка депутаттар добуш беришкен экен", - деди Маматалиев. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн