Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов президент Сооронбай Жээнбековду Кыргызстанда абал турукташканга чейин кызматын тапшырбай турууга чакырды. Бул тууралуу М.Мырзакматов "Фейсбуктагы" жеке баракчасына жазды.
«Биз өлкөбүздө тартипти жана мыйзамдуулукту сактап калышыбыз керек. Ошондуктан, мен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып: Кыргызстандын көп улуттуу калкы акылмандык жана өлкөнүн тагдыры, тынчтык, тартип үчүн жоопкерчиликти күтүп жатат. Кыргызстанда туруктуулук камсыз болгонго чейин мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын тапшырбашыңыз керек" деп кайрылат элем», деп жазган Мелис Мырзакматов.
Пикирлер (1)