Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

М.Сариев: Жанар Акаев баштаган "Жаңы дем" Батыштын долбоору

16.06.2020 13:40
1230
М.Сариев: Жанар Акаев баштаган "Жаңы дем" Батыштын долбоору


Жанар Акаев баштаган "Жаңы дем" батыштын долбоору. Мындай пикирин саясат таануучу Марс Сариев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине  премьер-министр кызматына көрсөтүлүп жаткан талапкерлер тууралуу оюн айтып жатып билдирди. 


Анын пикиринде, учурда экономикалык саясатта чыныгы реформаторлор керек. 


"Кубатбек Боронов премьер-министр болот деп ойлобойм. Ал милдетин убактылуу аткаруучу болот деп эсептейм. Менимче, Асрандиевдин (биринчи вице-премьер-министр) жана Суракматовдун (Бишкектин мэри) реалдуу шансы бар. Учурда экономикалык саясатта чыныгы реформаторлор керек. Эркин Асрандиев жана Азиз Суракматов бул багытта алдыда, ал эми Бороновдон реформаторлук сапат көрө алган жокмун. Ошон үчүн экономикалык тармакты алдыга сүйрөй алган фигуралар керек", - деди саясат таануучу. 


Ошондой эле ал  жогоруда көрсөтүлгөн саясатчылардан тышкары Өмүрбек Бабанов дагы өкмөт башчылыкка талапкер боло алат деген пикирде. 


"Бир нече жыл мурун Бабанов саясий ишмердүүлүгүнөн четтеп баштаганда мен аны реформатор боло аларын айткам. Анткени ал Москва тарабынан колдоого ээ, ошондой эле аны элдин көпчүлүгү колдойт.  Бирок ал саясатка катышпай турганын билдирбедиби", - деди ал.  


М.Сариев мындан тышкары, Кыргызстандагы алты ири партиянын өкүлдөрүн кошкон «Жаңы дем» саясий тобу тууралуу оюн айтып жатып: "Өмүрбек Текебаев, Жанар Акаев жана Жашылдар партиясынын  биригишин жалпылап караганда, бул Батыштын долбоору десек болот. Бул кадам россиялык таасирдүүлүккө каршы туруу жана батышчыл адамдарды мобилизациялоо аракети деп ойлойм", - деди. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Апаз
Бул киши бийликтин эксперттиго. Акыйкат каякта. Эксперттида колдогу