Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:52
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамга каршы болуп, "макул" деп добуш берген Маматалиев (видео)

29.06.2020 17:48
2186
«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамга каршы болуп, "макул" деп добуш берген Маматалиев (видео)


Жогорку Кеңештин депутаттары 25-июнда «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышкан. Анын демилгечилери — депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова. Бул мыйзам долбоорун кабыл алууга  79 депутат макул болсо, 10 депутат каршы добуш берген. 


Жыйында кээ бир депутаттар мыйзам долбоорун кайтарып алууну сунушташкан. Алсак, депутат Марлен Маматалиев мыйзам долбоорго каршы экенин билдиргени менен жыйынтыгында "макул" деп добуш берген.


Бирок, ал буга чейин добуш берүү учурунда жыйында жок болгондугун жана анын ордуна кесиптештери "макул" деп добуш бергенин билдирген болчу. Ал эми жыйындан алынган видеодо Марлен Маматалиевдин мыйзам долбоорго добуш берүүгө 10 мүнөт калганда сүйлөгөнүн көрүүгө болот. 


Буга чейин ал: "Мен эч качан сөз эркиндигине каршы болгон эмесмин. Буга чейин телеберүүлөргө катышканымда бул мыйзам долбоорун колдобой турганымды айткам. Бирок мен мыйзам долбоору ушунча тездик менен кабыл алынат деп ойлогон эмесмин. Ар бир мыйзам үч окууда кабыл алынат, алардын ортосунда 10 күн аралык болушу керек. Бул долбоор күзгө чейин каралат деп ишенгем. Менин ордума башка депутаттар добуш беришсе дагы, буга чейин айткан убадамды аткарбаганым үчүн активисттерден кечирим сурайм", - деп билдирген депутат. 


Ошондой эле жакындары ооруп жаткандыктан жыйындан улам чыгып кетүүгө туура келгенин жана добуш берүү учурунда дагы жок болгонун  кошумчалаган. 


Жыйындын видеосунда депутат Маматалиевдин добуш берүүгө 15 мүнөт калганда сүйлөгөнүн көрүүгө болот. Бул боюнча комментарий алуу үчүн  өзү менен байланышканыбызда ал чалууга жооп берген жок. 


Бирок айрым депутаттар менен сүйлөшкөнүбүздө алар Марлен Абдырахмановичтин добуш берүүгө катышканын, ал эле эмес жанындагы келбей калган кесиптештери үчүн да чуркап добуш бергенин айтышты. Эгер бул боюнча эл өкүлүндө айта турган сөзү болсо, аны чагылдырууга даярбыз.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн