Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси мамлекеттик органдардын басма сөз катчыларын коомчулукка маалымат берүүдө жаңы ыкмаларды пайдаланууга чакырды

07.10.2022 11:56
569
Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси мамлекеттик органдардын басма сөз катчыларын коомчулукка маалымат берүүдө жаңы ыкмаларды пайдаланууга чакырды



Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында министрликтердин жана ведомстволордун басма сөз катчыларынын катышуусунда жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мамлекеттик органдардын басма сөз катчылары жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган актуалдуу маселелерге ыкчам жооп кайтаруусу зарылдыгын белгиледи.


«Бул багыттагы ишти күчтөндүрүү зарыл. Өзгөчө көңүлдү мамлекеттик органдардын расмий сайттарынын жана социалдык баракчаларынын абалына буруу керек. Учурда жарандардын басымдуу бөлүгү маалыматты дал ушул социалдык тармактардан алат, демек, анын контенти заманбап талаптарга дал келиши абзел. Биздин биргелешкен ишибизден коомдун такталган анык маалыматарды алуу деңгээли көз каранды», - деп белгиледи ал.  

 

Өзгөчө кырдаалдар учурунда бирдиктүү маалыматтык саясатты калыптандырууга жана мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын материалдык-техникалык базасынын абалына өзгөчө көңүл бурулду.


Дайырбек Орунбеков катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы №17 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маалымат берди, ага ылайык, мамлекеттик органдардын ведомстволук структураларында басма сөз катчы кызматы киргизилет.


«Күнүмдүк иште жалпыга маалымдоо каражаттары жана блоггерлер менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтарын активдүү ишке киргизүү жана колдонуу зарыл. Мамлекеттик башкаруунун бардык тармактарында көлөмдүү иштер аткарылууда, айрым учурда бул маалыматтар коомчулукка тийиштүү деңгээлде жеткирилбей калууда. Өз ишиңер тууралуу маалымат берүүдө жаңы ыкмаларга таянып, «расмий» чектөөлөрдөн чыгып, креативдүү болуңуздар. Биз жаңы демилгелерди колдоого даярбыз», - деди Дайырбек Орунбеков. 

 

Мындан тышкары, жыйынга мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери катышты.

 

Ошондой эле социалдык-маданий иш-чараларды чагылдырууга олуттуу көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн