Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:02
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Маданият министри орто кылымдардагы тарыхты сактаган "Кузнечная крепость" жайы менен таанышты

18.04.2022 08:53
1263
Маданият министри орто кылымдардагы тарыхты сактаган  "Кузнечная крепость" жайы менен таанышты

Азамат Жаманкулов Бишкек шаарынын орто кылымдагы тарыхын сактаган "Кузнечная крепость" жайы менен таанышты.  Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.


Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Жибек Жолу менен С. Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинин түндүк-чыгышында жайгашкан "Кузнечная Крепость" археологиялык эстелиги менен таанышты. 

Маалыматка ылайык,  Бул жерде VII-VIII кылымдарга таандык тарыхый маалыматтарда Джул деп көрсөтүлгөн конуш болгон. Конуш орто кылымдардагы Жибек Жолунун боюнда жайгашкан. Аталган жай республикалык маанидеги тарыхый маданий мааниси бар Мамлекеттик тизмеге кирген. 


 Азыркы учурда чеп 6 гектар жерди ээлеп, айланасы жаңы курулуштар менен курчалган.


Бул аймак XX кылымдын орто ченинде жергиликтүү эл жигердүү отурукташа баштаган. Азыр жеке үйлөр салынып, Чептен маданий катмары сакталган дөбө гана калган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн