Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 19:59
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Маданият министрлиги кувейттик компания менен биргеликте тасма тартышы мүмкүн

09.08.2023 08:58
1385
Маданият министрлиги кувейттик компания менен биргеликте тасма тартышы мүмкүн


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев Кувейт мамлекетинин Vidago Art Production (Искусство өнүктүрүү) компаниясынын башкы директору Али Аббас Аль-Наки менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.


Жолугушууда Кыргызстандын туристтик жана маданий кызматташтыгын араб жана Европа өлкөлөрү арасында илгерилетүү үчүн Кыргызстандын тарыхы жөнүндө документалдуу тасманы биргелешип тартуу маселесин талкуулашкан.


Кувейттик компаниянын жетекчиси аталган тасманы тартуу үчүн кыргыз өкмөтү тарабынан каржылык жана техникалык колдоо көрсөтүү зарылдыгын билдирген. Өз кезегинде Иманалиев бул сунушту ар тараптан кароо үчүн министрликтин дарегине дипломатиялык каналдар аркылуу компаниядан расмий кат жөнөтүү керектигин белгилеген.


Ошондой эле ал министрлик Кыргызстандын аймагындагы тиешелүү тарыхый-маданий мурастар камтылган жерлерди кыдырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалаган. Жыйынтыгында тараптар маданий кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстандын араб мамлекеттеринде таанылышын жогорулатууга басым жасоого макулдашкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн