Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 16:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

«Мадина» базарынын негиздөөчүсүнүн абалы сот учурунда начарлап, тез жардам алып кетти

10.10.2023 09:08
277
«Мадина» базарынын негиздөөчүсүнүн абалы сот учурунда начарлап, тез жардам алып кетти


"Мадина" базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимов УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.


Соттун чечими менен ал убактылуу тергөө абагында 9-декабрга чейин калтырылды.


Салимов уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө жана ага катышууга шектелүүдө.


"Биз дос болгон эмеспиз, мен андан (кримтөбөл Камчы Көлбаев – ред.) 18 жаш улуумун. Көлбаевдин кудасы да эмесмин. Пенсионермин, "Мадина" базарын салгам. Парламенттин депутаты болгондо башкы директорлукту өткөрүп бергенмин. Бирок расмий башкы директордун кеңешчиси болуп эсептелем”, — деди ал сотто.


Ал кримтөбөл Көлбаев менен жалпы бизнеси болбогонун айтты.


Сот учурунда экс-парламентарийдин абалы начарлап, аны Тез жардам кызматы алып кетти. Салимовдун кармалганы боюнча кечээ белгилүү болгон. Ал Көлбаевдин кудасы экени айтылган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн