Мага УКМК иш козгоого аракет кылууда. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, ал УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында сурак берүүдө.
"УКМК мага иш козгоого аракет кылууда, эч ким арызданган да, арыз да жазган эмес, бул кызматтын өзүнүн демилгеси. Учурда мен УКМКнын Бишкек башкармалыгында (Киев 74) күбө катары сурак берип жатам. Эмне башталды?» — деп жазган Бекешев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн