Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 00:06
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Максат Мамытканов Улуу Британиянын элчиси менен жолугушту

22.01.2021 17:46
619
Максат Мамытканов Улуу Британиянын элчиси менен жолугушту

Вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Кыргыз Республикасындагы Улуу Британия Бириккен Королчулугунун жана Түндүк Ирландиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гаррет менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде мыйзам үстөмдүгү, коррупцияга каршы туруу, сөз эркиндиги, жашыл экономика жаатындагы маселелер, буга катар 2021-жылдын 1-12-ноябрында Глазго шаарында (Шотландия) өтүүчү БУУ Рамкалык конвенция тараптарынын XXVI конференциясына катышуу маселеси талкууланды.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов 10-январда өткөн Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу жана башкаруу формасын аныктоо боюнча жалпы улуттук референдуму жогорку уюшкандык деңгээлде өткөндүгүн белгиледи жана үстүбүздөгү жылы орун алуучу маанилүү саясий окуялар тууралуу маалымат берди.

Тараптар бардык деңгээлдеги кыргыз-британ байланыштарын активдештирүүнүн жана эки тараптуу өз-ара аракеттешүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн