Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:40
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Максат Сабиров Ысык-Көлдө балдар лагерлерин уюштурууну сунуштады

11.06.2020 10:10
1117
Максат Сабиров Ысык-Көлдө балдар лагерлерин уюштурууну сунуштады

 

Ысык-Көлдө мейманкана, клубдарды куруунун ордуна балдар эс алуучу лагерлерди уюштурууну депутат Максат Сабиров Жогорку Кеңештин бүгүн, 11-июндагы жыйынында сунуштады.


Анын айтымында, учурда Ысык-Көлдө балдар лагерлери жокко эсе. Анын ордуна мейманкана, клубдар жана эс алуу пансионаттары көбөйүп кеткен.


Мына туризм мезгили башталып жатат. Азыр балдарды кайда алып барып эс алдырууну билбейсиң. Бардык жерге мейманкана, клубдарды сала бербей, балдар лагерин уюштурууну колго алышса. Азыр сасык тумоодон алыс болушу үчүн балдар көл жээгинде эс алышса жакшы болмок”, - деп билдирди депутат.


Ошондой эле ал көлдө жашыл масса калкып жүрөт деген маалымат тарап жатканын айтып, көлдү, сууну коргоого чакырды.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Абдыгул
Туура айтат кафелердин ордуна балдарга шарт тузуп берсек жакшы да