Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Максат айылынын тургуну: 2019-жылы дагы ок тийген, бирок эч качан бул жерди таштап кетпейбиз (видео)

05.05.2021 04:08
1157
Максат айылынын тургуну: 2019-жылы дагы ок тийген, бирок эч качан бул жерди таштап кетпейбиз (видео)

Мектепти өзүбүз мамиле кылып жүргөн эле адамдар өрттөп кетти. Мындай пикирин Максат айылынын мектебинде мугалим болуп эмгектенген Замирбек Адинаев "Али Токтакуновдун медиахабына" билдирди.


Анын айтымында, айылда эч ким болбосо да кошуна мамлекеттин өкүлдөрү ушул кадамга барган.


"Бул жерде тажиктер ушунтип элди коркутуп, көчүрүп жибергиси келет. Бирок биз эч качан бул жерди таштап кетпейбиз. Кайра чек арада жашап мекенибизди коргойбуз. Мага 2019-жылы сентябрдагы жаңжалда дагы ок тийген. Мектепти, үйлөрдү, бала бакчаны ким өрттөгөнүн билебиз. Бул кошуналык мамилеге дагы туура келбейт",- дейт айыл тургуну.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн