Кыргыз эли эзелтеден көчмөндүү калк болгондуктан мал киндиктүү жайыттарды, керемет жайлоолорду көчүп-конуп жайлап келишкен. Ал үчүн албетте абасы салкын, суусу таза, чөбү жагымдуу жана сиңимдүү, мал кармоого ылайыкташкан түздүү, ошондой эле тиричилик кылууга ыңгайлуу, касиеттүү кооз жерлерди тандашкан.
Азыркы күндө эл туруктуу отурукташып жашап калганы менен айыл жергесиндеги жергиликтүү элдер жыл сайын жайкы мезгилде ак ичип, мал-жанына көз салып жана кышкыга катык даярдап алуу, эс алуу же болсобо бизнес кылуу максатында жайлоого чыгып келишет. Акча табууну каалагандар кымыз, бээнин сүтүн, айран, курут жана башка табигый азык-түлүктөрүн сатып пайда көрүшөт. Ал эми шаар жергесиндегилер баары болбосо да көпчүлүк жарандар бээнин сүтүн жана кымызын ичип, таза абада эс алууну адатка айландырып алышкан.
Ушул тапта шаардын ысыгынан, учурдагы жугуштуу илдеттин жайылуусунан улам иммунитеттерин чыңдоо, витаминдүү таза азыктар менен тамактануу үчүн, ошондой эле көпчүлүк элден оолак болуу максатында жайлоого кетип жаткандардын саны арбууда.
Анда эмесе жайлоо сүйүүчүлөрүнө мыкты эс алуу каалайбыз. Колу жетпегендер үчүн Кыргызстандагы айтылуу, керемет жайлоорунун айрымдары тууралуу баяндап беребиз.
Нарын облусундагы даңазалуу Соң-Көл жайлоосу
Нарын облусундагы Соң-Көл жайлоосу Молдо тоонун кырларында жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте жайгашкан. Көлдүн узундугу 29 км, ал эми туурасы - 18 км, тереңдиги - 22 метрди түзөт.
Бул жерлерди илгертен бери кыргыздын төрт түлүк малы жайлайт. Жайкысын эл көлдү жээктей көчүп келет да, үй-бүлөлөрү менен жай бою боз үйлөрдө жашашат. Көлгө төрт жол менен барса болот. Жаркырап жаткан көлдүн бети алыстан эле көзгө чалдыгат. Ал асмандай көпкөк, же сыя көк, ал тургай кызгылтым же сары да болуп көрүнөт. Сиз көл жээгинде аны карап олтурган болсоңуз, көл түсүнө жараша маанайын өзгөрткөн сыяктуу сиздин маанайыңыз да нечен түркүн өзгөрүп, не бир кыялдарга туш болосуз. Жайлоону Жумгал, Чочкор жана Ак-Талаа райондорунун эли жайлашат. Бул жерде мамлекеттик деңгээлдеги, райондук жана облустук маанидеги иш-чаралар өткөрүлуп турат.
Талашка түшкөн Арпа жайлоосу
Арпа жайлоосу Ички Теңир-Тоонун түштүк-батышындагы бийик тоолуу жайлоо. Түштүк-батышынан Фергана, түштүгүнөн Торугарт кырка тоолору, чыгышынан Ат-Башы кырка тоосу жана түндүк-чыгышынан Орток-Тоо жана түндүгүнөн Жаман-Тоо менен чектешет. Узундугу 60 чакырым, эң жазы жери 32 чакырымды түзөт.
Арпа өрөөнү - Кыргызстандагы ири жайыттардын бири. Мында негизинен Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондорунун малы жайылат. Өрөөндүн чыгыш бөлүгү аркылуу Бишкек-Торугарт автомобиль жолу өтөт.
Айтылуу Ак-Сай жайлоосу
Ак-Сай жайлоосу Ички Теңир-Тоодогу бийик тоолуу өрөөн. Ат-Башы, Жаң-Жер, Какшаал, Көк-Кыя тоолору курчап жатат. Узундугу 81 км, таманынын эң жазы жери 28 км. Өрөөн деңиз деңгээли 2900-3800 метр бийиктикте жайгашкан.
Өрөөн Кыргызстандагы ири жайлоо жана кыштоо. Нарын, Атбашы, Акталаа районунун малы багылат. Малчыларды тейлөөчү маданий борбор уюштурулган. Өрөөндөн авто жолу өтөт.
Токтогулдун Тер-Жайлак жайлоосу
Токтогул районунун Сары-Камыш айыл өкмөтүнө карайт. Ал жерде жашагандар май айынын акырында окуучулар каникулга тараган күндөн тартып, сентябрь айларына чейин жайлашат. Айылда кары-картаңдар эле калбаса, элдин дээрлик бардыгы жайлоого чыгып кетишет.
Ал гана эмес медицина кызматкерлери жана фельдшердик акушердик пункт көчүп барып, калкка кызмат көрсөтүшөт. Алар эски вагонду кеңсе катары пайдаланышууда. Токтогул районунун борборунан 180 чакырым алыс жайгашкан. Жергиликтүү тургундар аш-тойлорун атайын ушул жайлоодон өткөрүшөт. Белгилүү ырчы, обону Айбек Каримов балалыгы ушул жайлоодо өткөнүн айтып келет.
Кымызы менен таанымал Суусамыр жайлоосу
Чүй өрөөнүндө жайгашка бул жайлоодо Таластын, Чүйдүн жана Суусамырдын малчылары жайлашат. Бул касиеттүү жайлоону жердегендер жылкы кармоого көбүрөөк артыкчылык беришет. Себеби бул өрөөн Ош-Бишкек унаа жолунун боюнда жайгашкандыктан соода-сатык жакшы өнүккөн.
Бул жерде курут, май, сүзмө, чөбөгө, кымыз, бээнин сүтү жана башка сүт азыктарын өткөрүп, бизнес кылуу менен кардарларга ыңгайлуу шарттарды түзүп беришкен. Мындан тышкары эс алуучуларды кабыл алып, туристтик багытта иш алып барган ишкерлер да арбын. Бул аймакта 6-7 ай кыш болгону менен жергиликтүү эл калың карга, суук аба ырайына ыңгайлашып жашоого көнүп калышкан, алар берекелүү жери менен сыймыктанып жашашат.
Шаркыратма жана карагай токойлуу Көк-Жайык
Көк-Жайык жайлоосу жер соорусу деп аталган Жети-Өгүз капчыгайында жайгашкан. Бул жайлоо чытырман карагай жана шаркыратмасы менен өзгөчөлөнүп турат. Жергиликтүү калк жайлаган бул жайлоодо эс алуу жайлары, курорттук зона жана ден соолукту чыңдоочу борборлор уюштурулган.
Журтка чейин автоунаа менен келүү үчүн жол салынып, жаш балдар жана кары-картаңдарга ыңгайлуу шарт түзүлгөн.
Сүрөттөр интернеттен алынды
Пикирлер (1)