Кечээ 16-апрелде Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин жардамы менен 21 жаран Таиланддан Казакстан аркылуу Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Малайзиядагы Кыргызстандын элчиси Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Буга чейин Кыргыз өлкөсүнө кете албай калган Малайзия, Таиланд, Индонезия сыяктуу өлкөлөрдөн жалпысынан 83 адамга Кыргыз өлкөсүнө кайтууга көмөк көрсөткөн.
Ушуну менен элчиликке караштуу өлкөлөрдө саналуу студенттерди эске албаганда, Кыргыз жарандары толугу менен мекенине кайтышты", - деп билдирүү калтырган Руслан Бекназаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн