Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 10:14
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Мамакеев талантын Англияга же Германияга бергенде, ал жердеги мүмкүнчүлүктөрү бүгүнкүсүнөн жүз эсе жакшы болмок

09.10.2021 14:19
2599
Мамакеев талантын Англияга же Германияга бергенде, ал жердеги мүмкүнчүлүктөрү бүгүнкүсүнөн жүз эсе жакшы болмок


Чынында мындай. Эгер башка батыш менен чыгыштын өнүккөн өлкөлөрүндө төрөлүп өсүп, кече Ыдырыс иним каяша кылып алдында олтурган Мамакеевге окшогон атактуу врач болсоң өз бааңды өлкөңдөн материалдык да, моралдык да жактан толук алмаксың. Сенин кадырыңа мамлекет, эл, чөйрө жетип алмак. Мындай таланттуу адамдарда өзгөчө мүнөз, өзгөчө кыял болот. Анын барысын коом көтөрүп алмак. Анткени аларда ар бир эмгектин татыктуу баасы бар. Өз ишиңдин профессионалысыңбы демек жумушуңдун баасы да ошончо.


Эми алыс кетип, мен билбеген врачтарды сөз кылбай, журналистер жөнүндө сүйлөйүн. Өткөндө муногу эле Москвадагы ОРТнын алып баруучусу Андрей Малахов бир жерде интервью берип жатып, 1-каналда иштегенде 50 миң доллар айлык алчумун деди. Бул анын эмгегин баалаган, мамлекеттеги мыйзамдар жол берген, анын шыгына шык, чыгармачылыгына дем кошкон, көрүнгөн санаага киргизип, тиричиликтин сазына сүйрөп салбаган татыктуу айлыгы да туурабы? Ал эми бизде кандай?


Жакшы көрсөтүү жасаган таланттуу журналистин эң чоң айлыгы "Ой молодец ай, жарайсың" - деген сөз, анан 15-20 миң сом айлык. Андан ашык төлөөгө мамлекеттик ишкананын чөнтөгү да жол бербейт, мыйзам да жол бербейт. Көп айлык алгың келсе кет жумуштан! Бир менчик ТВга бар да, ошолор айткандай иштеп 40-50 миң айлык тап. Бирок, келечегиң бүдөмүк. Ал менчик ТВ кокус бийлик алмашып кетсе жабылып калышы мүмкүн же ээси "куструация" болуп, камалып кетиши мүмкүн. Стабилдүүлүк жок да бизде...


Сен килейген өлкөңдө жалгызсың. Бир эле журналистикада эмес, бардык тармактарда дээрлик так ушундай. Врачтарга көп айлык маяна чектей албайсың, чектөө бар. Мугалим деле ошол, болбогон айлыкка иштейт. Ал аз келгенсип, билим бекер деп коюшкан.


Аа, айтмакчы, пенсияга жетсең эптеген пенсия, өлүп калсаң эки гвоздика гүл сага ыраа көрүлөт, биртике мактоо кагаздарың бар болду ошол.


Биздин өлкөдө сенин талант-салантыңды урган эч ким жок. Сен мамлекетке керек эмессиң! Керектирсиң мүмкүн бийликтеги көзүрлөрдү мактап, жактап турсаң... Мүмкүн керектирсиң шайлоолордо...


Мыкты кесипкөй, тажырыйбалуу деген баалуулуктар бизде алда качан, тээ союз ураганда эле кошо урап жок болгон! Бизде баланчанын кишиси, түкүнчөнүн адамы деген кесип ээлери пайда болгон...


Бизде адам кадыры ысырап да!


Ыдырыстын көрсөтүүсүндө доктор Мамакеев мактанып алайынчы деп жатпайбы байкасаңар! Ал ошол өлкөдөн ала албай калган энергияны, орусча айтканда толук кандуу вниманияны, өзүнүн организмине өзү берип жатат. Бирөөлөр айтышы мүмкүн, ой ал оорукананын короосуна үй салыптыр, ой аны мамлекет мактап эле жатпайбы деп. Ооба, макталса макталгандыр, ал мүмкүн андан да чоң көңүл бурууга татыктуудур. Мүмкүн ал ушул өмүр жашын, энергиясын Англияга же Германияга бергенде ал жердеги мамиле, жашоо, материалдык байлык, мүмкүнчүлүктөрү бүгүнкүсүнөн жүз эсе жакшы болмок.


Ал ошол эмгенин кыргызстанга берди. Анан өзү жүгүрүп, өзүнө өзү көңүл бурдуруп, Куловго кирип, айтор кандай жол менен болсо да, мекен үчүн жасаган эмгегине мамлекеттен кайтарым алган демек. Биздин өлкөдө өзүңдүн мамлекетке өтөгөн эмгегиңе ушинтип жаман көрүнүп кайтарым албасаң башка жолу жок. "Ой молодец ай, жарайсың" деп коюшат бүттү. Ошондуктан биздин өлкө коррупциялашкан! Адамдын кадырына жетпеген өлкөнү адамдар да баалашпайт!


Ал эми инсан дегендин психологиясы, жан дүйнөсү бар. Ал өтөгөн эмгегине, чыгарган энергиясына кайтарым алыш керек, кайра толуш керек. Кеп мына ушул жерде. Мыктылардын мээнети кымбат бааланат, кымбат төлөнөт. Бул кадимки эле жөн темир менен алтын сыяктуу айырма болот. Баасы чыкпай, бааланбай, канча бриллианттарыбыз кетти.


Ошентип жүрүп, канча таланттуу инсандарыбыз бул дүйнөдөн көр турмуштун тебелендисине калып көз жумуп жатышат! Мейли жаман көрсөңөр көргүлө, бирок акыйкат ушундай!


(Албетте бизден да начар өлкөлөр толтура, бирок биз азыр цивилдүү өлкө жөнүндө кеплешип жатабыз да туурабы.)
Эми айта берсең толтура сөз болот. Кыска айтканда мындай:


Михаил Булгаковдун "Собачье сердце" деген чыгармасы бар, ошону окуп, же ютубдан Швондер менен профессор Преображенский деген каармандарынын диалогун көрүп түшүнүп алгылачы... Башка не демекмин...


Шайырбек Абдырахман, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн