Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:49
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Маматалиев: ЖЭБди тез арада газга өткөрүп, чыгашаны субсидия менен жаап берели

21.01.2021 12:06
915
Маматалиев: ЖЭБди тез арада газга өткөрүп, чыгашаны субсидия менен жаап берели


Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бишкек ЖЭБди газга өткөрүүнү  сунуштады. Бул тууралуу ал ЖКнын жыйында билдирди.


"Он беш күндөн бери шаарды каптаган түтүн азайып калды. Бирок Өкмөт каптаган түтүнгө унааларды себеп катары көрсөтүп келген. Азыр эмне унаа азайдыбы? Мурдагыдай эле унаалар каттап жатат го? Андыктан, унааларды гана түтүндүн себеби катары кароо туура эмес экен. Бишкек ЖЭБинин ишин да жөнгө салуу зарылчылыгы турат. Өкмөт жылуулук сезону боюнча атайын программа иштеп чыккан. ЖЭБди үч ай болсо да газга өткөрөлү. Бирок анын баасы көтөрүлүп кетет. Аны элге жүктөбөй, бюджеттен субсидия кылып, жаап берели" ,- деди Маматалиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн