Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 15:42:26
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Мамытканов: Шайлоочулар жашаган жери боюнча гана добуш бере аларын билиш керек

23.12.2020 14:42
564
Мамытканов: Шайлоочулар жашаган жери боюнча гана добуш бере аларын билиш керек

Форма №2 жок экенин эл билиши керек. Мындай пикирин вице-премьер-министр Максат Мамытканов брифингде билдирди.


Анын айтымында, облустук штаб учурунда бир катар көйгөйлөр, анын ичинде маалыматтын жетишсиздиги көйгөйү жаралган.


«Шайлоону ачык-айкын өткөрүү үчүн БШК саясий чечим кабыл алды.Бул жолу форма №2 колдонулбайт. Жарандар катталган жери боюнча тизмеге киргизилет. Көптөгөн тургундар катталган жеринде жашашпайт жана көптөгөн суроолор алар тарабынан пайда болду», - деди Мамытканов.


Эми анын айтымында, форма №2 жоктугуна байланыштуу, жарандар шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн паспорт менен келип, шайлоо участкаларына каттоодон өтүшү керек.                                       

  “Акыркы шайлоолордо эң чоң мыйзам бузуулар форма-2ге байланыштуу болуп, жарандардын нааразычылыгын жараткан. Бул шайлоодо мурдагыдай жаңылыштык болбойт", - деди Мамытканов.


Ал Кыргызстанда жашаган жери боюнча 3 миллион 778 миң 151 адам каттоодо тургандыгын, анын ичинен 3 миллион 544 миң 503 адам шайлоочулардын тизмесине киргизилгендигин кошумчалады.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Шайлоо баарибир таза отпойт.Бир адамга басым жасалууда