Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Мамытов КМШ ПААнын отурумдарына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына барды

15.04.2021 10:31
662
Мамытов КМШ ПААнын отурумдарына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына барды


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 52-пленардык отурумуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.


Ошондой эле парламенттик делегация терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча конференцияга катышат. Муну менен катар жазгы сессиянын алкагында саясий, эл аралык кызматташтык, экономикалык жана каржы маселелери боюнча КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын да жыйындары, парламенттик делегация башчыларынын эки тараптуу жолугушуулары мерчемделген.


Андан тышкары, Төрага Талант Мамытов Санкт-Петербург шаарындагы кыргызстандык мекендештер менен жолугушат.


Эскерте кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Эмиль Токтошев, Каныбек Иманалиев жана Айнуру Алтыбаева бар.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн