Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мамкурулуш: 7-8 баллга туруштук берет деп салынган үй төрт баллда кулап калса, баары жооп берет

30.01.2024 13:57
244
Мамкурулуш: 7-8 баллга туруштук берет деп салынган үй төрт баллда кулап калса, баары жооп берет


Эгер Кыргызстанда 9 баллдан ашкан жер титирөө болсо, анда баары кулайт. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басары Талантбек Иманакун уулу билдирди.


"7-8 баллга туруштук берет деп салынган үй төрт эле балл жер титирөөдө кыйрап калса курган жана аны кабыл алган адам башы менен жооп берет", — деди ал.


Адис советтик учурда курулган көп кабаттуу үйлөр боюнча дагы пикири менен бөлүштү. Ал эски үйлөр жаңыларга караганда бекем деген ойго кошулбайт. Анткени кээ бир үйлөрдүн фундаменти жер менен теңелип, көпчүлүк батир ээлери баштапкы абалын өзгөртүп салышкан.


Эске салсак, 23-январда Кыргызстанда катуу жер титирөө катталды. Очогу Кытайда жайгашып, силкинүү бүт Борбор Азияга сезилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн