Мамкурулуш кыргызстандыктарды жер титирөөдөн кийин пайда болгон имараттардагы дефекттерди билдирүүнү өтүнөт.
Башкармалык курулуш объекттериндеги, ошондой эле курулуп бүткөн имараттардагы кемчиликтерди аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Дефекттерди байкаган жарандар фото же видео материалдар менен 0555579257 (WhatsApp) номуру аркылуу байланышса болот.
Эске сала кетсек, өткөн түнү Кытайда Кыргызстандын чек арасында алты жолу жер титирөө болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн