Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 11:50
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Мамкурулуштун башчысы Сокулук районунда жер мунапысы боюнча иштердин аткарылышын текшерди

23.03.2023 13:01
284
Мамкурулуштун башчысы Сокулук районунда жер мунапысы боюнча иштердин аткарылышын текшерди



 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркуловдун Чүй облусундагы иш-сапары башталды.


Сапардын жүрүшүндө Мырзабек Жыпаркулов Чүй облусундагы социалдык объектилердин курулушу менен таанышып, Мамлекеттик курулуш агенттигинин аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерет.


Биринчи кезекте Мамкурулуштун башчысы инспекция менен Сокулук районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгына келип, башкармалыктын иши менен таанышты.


Ошондой эле Жыпаркулов Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушуп, жарандардын жер мунапысына байланыштуу суроолорун угуп, Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына жер мунапыс алкагында документтерди даярдоо процессин тездетүүнү тапшырды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн