Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Мамлекетке 1,2 млн сом зыян келтирилген. Сары-Челек коругунун кызматкерлерине кылмыш иши козголду

29.01.2022 12:47
928
Мамлекетке 1,2 млн сом зыян келтирилген. Сары-Челек коругунун кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Сары-Челек коругунун кызматкерлери мамлекетке 1 миллион 209 миң сом зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Сары-Челек биосфералык мамлекеттик коругунун ишмердүүлүгүнө карата текшерүү жүргүзүлгөн. 


Текшерүүдө, аталган мамлекеттик коруктун жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, биосфералык корукка тиешелүү болгон жылкыларды, оргтехникаларды жана сатылган бал челектердин акча каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алышкан. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 1 млн 209 000 сомду түзгөн.

 

Аталган факты Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн