Бугу 16, 2024
Убакыт: 09:51
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Мамлекетке 17 млн сом зыян келтирген "Кадастр" мекемесинин эки кызматкери кармалды

Мамлекетке 17 млн сом зыян келтирген "Кадастр" мекемесинин эки кызматкери кармалды
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын директорунун орун басары Д.Б.Ж. жана  укуктарды каттоо боюнча башкы адис Т.А.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүнө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык КЖБРне  катталды.

Аталган адамдар жер тилкесинин баштапкы документтерин атайылап жасалма жол менен жасашкан, андан кийин жеке адамдар тарабынан кайрадан каттоодон өткөрүү үчүн аянтын 1,7 гектарга көбөйтүшкөн. Аталган адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 17 миллион сомдук зыян келтирилген.

Кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн