Учтун айы 23, 2025
Убакыт: 06:11
USD
87.30
87.80
EUR
90.70
91.70
RUB
0.860
0.900

Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргендиги үчүн тоо-кен компаниясынын мурдагы директорун кармалды

21.01.2025 16:46
72
Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргендиги үчүн тоо-кен компаниясынын мурдагы директорун кармалды


Мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиргендиги үчүн "Г.К.М.", "Е.Н.Н." ЖЧКсынын мурдагы башкы директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында “Г.К.М.“, “Е.Н.Н.” ЖЧКларын банкроттоо жол-жоболорун мыйзамсыз жүргүзүүнү уюштуруу боюнча коррупциялык схема аныкталды.

Тактап айтканда, “Г.К.М.”, “Е.Н.Н.” ЖЧКсынын мурдагы башкы директору Талас облусунун Айтматов районунун Корумтор аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензияны кармап туруу үчүн 144 млн 461 миң 322 сом өлчөмүндө жыйымдын эсептелгенин билип туруп, мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен аталган төлөмдөрдү мамлекеттин кирешесине төлөөдөн баш тартуу боюнча схема уюштургандыгы такталды.

Учурда кылмыш ишинин алкагында жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бардык тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн