Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифи дээрлик эки эсеге көбөйөт. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.
Мисалы, адвокат кылмыш-жаза иши боюнча шектелген адамды кармоо учурунан баштап сотко чейин коштоо үчүн 15 миң сом акы алып келген, эми ага 30-35 миң сом гонорар берилет.
"Бүгүнкү күндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү жарандарды акысыз адвокат менен камсыздоо мамлекеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик реестрде жалпы 3 769 адвокат катталган, анын ичинен 441 жактоочу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы менен иштейт", — деп айтылат маалыматта.
Жаңы кабыл алынган токтомдун негизги максаты:
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасына тажрыйбалуу, компетенттүү жаңы муундагы адвокаттарды ишке тартуу;
- алыскы региондорго жашаган калктын аялуу катмары үчүн квалификациялуу юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
- юридикалык жардамдын сапатын жогорулатуу, жарандардын сот адилеттигине жетүү укуктарын ишке ашыруу, адилеттүү соттук териштирүүнү камсыздоо;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын адвокаттарынын жоопкерчилигин күчөтүү.
Президент Садыр Жапаров эмгек акыларды жогорулатуу боюнча адвокаттардын II съездинде тапшырма бергени белгиленди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн