Учтун айы 19, 2022
Убакыт: 14:30
USD
84.80
84.90
EUR
95.60
97.10
RUB
1.100
1.122

Мамлекеттик гербдин кабыл алынгандыгына 28 жыл. Авторлордун бири Садырбек Дубанаев гербдин кабыл алынышы тууралуу

14.01.2022 09:24
644
Мамлекеттик гербдин кабыл алынгандыгына 28 жыл. Авторлордун бири Садырбек Дубанаев гербдин кабыл алынышы тууралуу

 


28 жыл мурда 1994-жылы 14-январь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнүн токтому менен көз карандысыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик белгиси - Мамлекеттик герби кабыл алынган. Герб кандайча түзүлгөн жана кабыл алынган? Гербдин авторлорунун бири – отставкадагы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев мамлекеттик белгинин түзүлүшү жана кабыл алынышы тууралуу айтып берди.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Көптөгөн жарандардын оюна “Кантип милиционер көркөм чыгарма тартышы мүмкүн?” деген ой келет. Албетте, мен чыныгы дасыккан сүрөтчү эмесмин, сүрөтчүсү Нарын балдар сүрөт мектебинин директору Асейин Абдраев болгон. Мен өзүмдүн эмгегим катары мамлекеттик белгини түзүүнү демилгелегенимди эсептейм, сүрөтчүнү чыгармачылыкка үгүттөп, ал тараптан түзүлгөн эскиздик долбоорду оңдоп жана өзгөртүүлөрдү киргизип, сүрөтчүнү идеялар менен дем берип, өз убагында парламенттин депутаттарына жана конкурстук коммиссияга барып, алардын ой-пикирин угуп, алардын идеяларын сүрөтчүгө жеткирип жүргөм. Биздин бирдиктүү ишибиздин натыйжасында гана биз күткөн жыйынтыктарга жеттик деп ойлойм.


Нарын шаарынын балдар сүрөт мектебинин сүрөтчүсү менен танышуубуздун тарыхы азыр раматылык А. Абдраев менен 1992-жылы Кыргыз Республикасынын

Ички иштер министрлигинин белгисин түзүү учурунан башталган


Мамлекеттик белгини түзүү сынагын жарыялоо учурунда мен бир убакта Нарын облусунун Ат-Башы районунун Акмоюн округунун атынан “Легендарлуу парламенттин” депутаты болчумун. Ошондуктан мен тарыхый иште нарындыктар дагы активдүү катышуу керек деп эсептегем.


Сүрөтчү Асейин Абдраевди өзүмдүн кабинетиме чакырып, мамлекеттик гербди түзүү сынагына катышуусун сунуштасам, ал буга күмөн ойлорун айтып, “Республикада белгилүү сүрөтчүлөр бар болсо, биз алар менен күч сынаша алмак белек”, - деп жооп берип койгон. Мен болсо өжөрлүгүмдүн айынан аны сынакка катышууга макулдугун алгам.Гербди түзүүгө толугу менен эки жыл кеткен. Мамлекеттик герб боюнча комиссияга “Легендарлуу парламенттин” 21 депутаты кирип, төрагасы белгилүү жазуучу Казат Акматов болгон. Туубуз Жогорку Кеңеш тарабынан 1992-жылы 3-мартта, ал эми гербти талкулоо 2 жылга созулуп, 1994-жылы 14-январда кабыл алынган. Гербдин авторлору Асейин Абдраев менен Садырбек Дубанаев экөөбүз гана эмеспиз. Гербдин авторлору деп Кыргызстандын бүт элин атасак болот. 


Мамлекеттик герб — мамлекеттүүлүгүбүздүн жогорку символу катары, 28 жылдан бери элибиздин азаттыгын, мамлекетибиздин көз карандысыздыгын даңазалап, дүйнөгө таанытып келет.

Кыргыз Республикасынын гербинин мааниси-Кыргызстандын эли үчүн өтө ыйык жана кымбат. Ал тарыхыбызды, бүгүнкү биримдигибизди, келечекке болгон умтулуубузду чагылдырып турат.

Мамлекеттик гербдин чок ортосунда Айкөл Манас атабыздын Ак шумкары элибизди, жерибизди, мамлекеттүүлүгүбүздү өзүнүн ыйык канатына калкалап, коомубуздун ынтымагын көздүн карегиндей сактоого чакырып турат.


Герб 4 негизги элементтен турат-Ала-Тоо, Ысык-Көл, Ак-Шумкар жана буудай менен пахтанын сабы менен башынан турат. Мамлекеттик герб ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын сүрөтүнөн, көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган "Кыргыз" жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган "Республикасы" деген жазуудан турат.


Мамлекттик гербдин авторлорунун бири кыргыз милициясынын генерал-майору Садырбек Дубанаев, гербди ойлоп табууда, “Мамлекет эгемендүүлүктү алганда Ат-Башынын Ак-Моюн округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып калдым. Ал учурда 350 депутат эле. Эгемендүү мамлекет болгондон кийин өзүнүн мамлекеттик символдору болушу керек эмеспи. Гербди жаратуу боюнча сынак жарыяланып калды. Башында Казат Акматов турган 21 адамдан куралган комиссия түзүлдү. Сынакка катыштык. Мыкты сүрөтчү издеп, анан Асейин Абдраев менен иштешип калдык. Алгач биздин эскизде бүркүт тартылган эле. Келип түшкөн сүрөттөр элдин назарына коюлуп, алар сын-пикирлерин айтышты. Гербдин үстүнөн эки жылдай иштеп, жалпы 53 вариантын тарттык. 19-вариантта Нур деген ат менен чыгып баштадык. Ойлонуп-толгонуп, элдин сынын эске алып, кыргыз эли эмнеси менен таанылган деп, энциклопедияны каза баштадык. “Манас” эпосунда ак шумкар достуктун символу, куштун алгыры деп толук эки бет жазылган экен. Ошентип, бүркүттү шумкарга алмаштырдык. Өз учурунда депутаттар, калайык калк көз карашын айтып, ойлору менен бөлүшүп, азыркы гербдин жаралышына олуттуу салым кошушкан", — деп Садырбек Дубанаев, Мамлекеттик гербдин кабыл алышынын тарыхынан бөлүшкөн.


Азыркы учурда өлкөбүз дүйнөгө Кыргыз Республкиасынын мамлекеттик герби кеңири таанылып келет.


Мамлекеттик белгилердин авторлору, жана алардын үй-бүлөө мүчөлөрү менен жакындары бул биздин кыргыз элибизге болгон белегибиз деп мамлекеттик белгилерди түзүүгө катыштыгы бардыгына сыймыктанышат. Учурду пайдаланып, биздин элибизге жана ИИМдин кызматкерлерине бейкуттукту, өнүгүүнү жана ден соолукту каалайм. Биздин туубуз, гербибиз, гимнибиз республиканын жана чет жакта жүргөн жарандардын жан дүйнөсүн жылытсын. Биздинжаштардын мекенчилдик сезими күчөп, адеп-ахлагы бекемдесин,- деди Садырбек Дубанаев.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн