Бирдин айы 12, 2025
Убакыт: 20:14
USD
87.30
87.80
EUR
90.50
91.50
RUB
0.920
0.945

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары алмашты

12.02.2025 16:55
29
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары алмашты


Кубатбек Оморов «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул маалыматты компаниянын басма сөз кызматы тастыктады.


Белгилүү болгондой, Кубатбек Оморов1991-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасында туулган. Ал Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын «Бажы иши» адистиги боюнча аяктап, учурда К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университетинде «Юриспруденция – кылмыш укугу» багытында билим алууну улантууда.


Эмгек жолун Мамлекеттик бажы кызматында стажерлуктан баштап, андан кийин ар кандай мамлекеттик мекемелерде иштеген. Ошондой эле бир катар жеке менчик компаниялардын юридикалык бөлүмдөрүндө, анын ичинде юридикалык бөлүмдүн башчысы кызматтарын аркалаган.


2020-жылдан тартып Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгында, андан соң президенттин Иш башкармалыгында ар кандай кызматтарда, анын ичинде мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.


Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси наамына ээ. Жогорку Кеңештин 80 жылдык юбилейлик медалы жана Жогорку Кеңештин жана президенттин Иш башкармалыгынын Ардак грамоталары менен сыйланган.


Эскерте кетсек, буга чейин «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматын Нурадил Баясов ээлеген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн