Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Мамлекеттик ипотеканы 4%га түшүрүү сунушталды

24.01.2021 19:49
2269
Мамлекеттик ипотеканы 4%га түшүрүү сунушталды

"Жергиликтүү турак жай" программасы бардык калкка жеткиликтүү болушу үчүн коммерциялык банктардан мамлекеттик банктарга өткөрүү керек. Мындай пикирин активист Сатыбалды Ибраимов жазып чыкты.


Азыркы учурда бюджеттик кызматкерлер төлөп жаткан ипотеканын манжалары:

Минфинге - 1%;
Коммерциялык банктарга - 4%;
МИК(ГИК)ке - 1-3%
бөлүнгөндүктөн жылдык 6-8% чыгып жатат.


Айлык акылары аз болгон бюджеттик кызматкерлер өздөрүнүн ипотекалык кредиттерин 4%га түшүрүп берүүнү суранышып бийликтин бардык бутактарына кайрылуу жолдошкон болчу. Бирок андан эч кандай жыйынтык азыркы күнгө чейин жок болууда. Баары эле МИКке жолдошуп ошол жакка кайрылгыла дешет, ал эми МИКтин жообу мындай болууда:


"Жылдык пайызды 6дан ылдый түшүрө албайбыз. Ортомчу банктарсыз жалаң өзүбүз бере турган болсок анда 10%га чейин чыгып кетет. Анткени бардык региондордо филиалдарыбыз жок болгондуктан, коммерциялык банктар аркылуу берүүгө мажбур болуп жатабыз" деп узатып коюшууда.


Эми сунуш мындай:
Жогоруда айтылган ортомчу коммерциялык банктардын 4% маржасын 2%га түшүрүү керек.
Бул коммерциялык банктар өздөрүнүн 1 сом акчасын кошпой туруп 15 жыл бою 4% маржага отургандары адилеттүү эмес. Эгер коммерциялык банктар буга макул болбосо, анда Өкмөттүн бул "Жеткиликтүү турак жай" программасын мамлекеттик банктар аркылуу берүүгө милдеттендирсе болот. Ошондо пайыздык ченди 4-6%га түшүрсө болот.
Төмөнкү банктардагы мамлекеттин үлүшү:


РСК - 100%;
Айыл банк -100%;
Керемет банк - 97%;
Евразиялык банк - 56%;
КИКБ(KICB) - 10%.


Аты айтып тургандай "Жеткиликтүү турак жай" программасы баарына жеткиликтүү болушу үчүн жогорудагы айтылган мамлекеттик банктар аркылуу бердирип, МИКте иштеген кызматкерлерди оптимизация кылып, 120'000 сомго чейин алган айлыктарын кыскартып, пайыздык ченди 4кө чейин түшүрсө, миңдеген адамдарыбыз үйлүү болуп калышат эле.

Эгерде сиз дагы мамлекеттик ипотека алган болсоңуз төмөнкү ссылка менен мамлекеттик ипотека алган жарандардын телеграм группасына кошулсаңыз болот:
https://t.me/joinchat/Tymk7BFcEhetW0LudXCJmA

Пикирлер (7)

Коопсуздук коду
Фарида
Саламатсыздарбы 6%тушсо абдан жакшы болмок тапкан ташыганыбыздын баарын банка тогуп жатабыз айлык аз % кымбат болуп жатат
Бакберди
Ушул эле банктар байыр Элдин канын соруп атат ото кымбат чон % менен берип Элди алдап коюп атышат, текшерип контроль кылса жакшы болмок жон эле кредит алсан кымбат % менен берип чонтогуно батпай атат Элдин убалына калып банктар.
Бакберди
Саламатсызбы 4%кылып берсе Уй алат элем ото жакшы болмок анткени уйум жок квартиралап журом,окмот бийликте Турган чондор карап берсе
Гульнура
Ипотеканы тушурсун, банктар байып атат. Карапайым Эл кыйналып атат. Ипотека баардык жарандарга берилсин болбой.
Чынара
Мен да гос жумушта иштейм,уй алуу учун кезектемин бирок %ти журокту оорутуп жатат биз жалпы уйго муктаж жарандардын унун угуп биз шайлаган президентибиз жардам берет деп умуттонуп кутуп жатабыз.