Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 00:38
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Чолпонбек Абыкеев: Мамлекетте абал оор, эмне деген анархия болуп атат?

29.10.2020 14:16
684
Чолпонбек Абыкеев: Мамлекетте абал оор, эмне деген анархия болуп атат?


Президенттик шайлоо старт алды. Ошол эле маалда Жогорку Кеңешке болгон шайлоо токтоп турат. Бийлик башындагылар биринин артынан улам бир одоно жаңылыштыктарды кетире башташты. Өлкөдө мыйзам анархиясы пайда болду. Коңшу мамлекеттерден баштап дүйнөлүк мамлекеттер Кыргыз бийлигин тааныбай атат. Баары дээрлик бир ооздон маданияттуу түрдө "Толук мыйзам талаасына кайтып бийликтин бүт бутактарын легитимдештиргиле. Ага чейин биз ички иштериңерге кийлигишпей карап туралы"- деп коюшту. Сырткы жардамдар токтоду. Казына болсо бош.


Ар бирибиздин  күнүмдүк жашообуздан баштап, мамлекеттин мамлекет катары кармалышына чейинки иштер көчөдө таш көтөрүп кыйкырып жүргөндөрдүн акыл-эс денгээли менен чечилбейт. Мамлекеттер ортосундагы мамилелер, экономикалык иштер мамлекеттик башкаруу системасынын мыйзам жолу менен стабилдүү иштеши аркылуу  жүрөт. Бизде бүгүн эмне болуп атканын Кыргызстанды кой дүйнөлүк денгээлдеги аналитикмин дегендер да  изилдеп айталбагандай абалдабыз. КР Президентинин милдетин аткаруучу С.Жапаров "Отставкага берип Президенттик шайлоого катышам"- деди. 


Эми ал баштаган иштер эмне болот? Шайлоо бүткүчө токтоп турабы? Ким Президенттин милдетин аткаруучу болот? Бизде Президенттик орун оюнчукпу? Ким каалаган келип эле аткара бергидей. Деги эле Кыргыз мамлекети деген чын эле барбы же ким каалаган келип  экспремент жүргүзүү үчүн түзүлгөн өлкө аты бар "куурчакпызбы"? Мамлекеттик жогорку кызматта иштеш үчүн ага акыл дараметиң жетпесе барбаш керек да. Мамлекеттин мамлекеттүүлүгү бузулуп, Кыргыз улутунун улут катары  сакталышына коркунуч жаралып атканын көрбөй турасыңарбы? Эмне деген анархия болуп атат? Акыл жетпей калды.


Чолпонбек Абыкеев, жазуучу, коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн