Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:39
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдѳн 191 млн сом түштү

04.02.2020 13:05
670
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдѳн 191 млн сом түштү


2019-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик мүлктү ижарага алууда жалпысынан  республикалык бюджетке 191 млн сом түштү. Бул тууралуу 4-февралда мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы  Жылдызбек Исакулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында ижарага берилген 700,74 чарчы мертлик  аянттан 42 миң сом өндүрүлгөн.

«Азыркы күндѳ фонд тарабынан электрондук соода аянтчалары ишке киргизилди. Бүгүн  портал аркылуу мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишими менен  электрондук соодалашууну ишке ашырдык. Жалпысынан мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимдерди түзүүгө 3 миң 367 электрондук аукциондор жарыяланган. Алардын 2 миң 505и билдирмелердин жоктугуна байланыштуу ишке ашкан жок. Ал эми 862 аукциону ишке ашты», - деди ал.

Мекеменин маалыматына ылайык , электрондук аукцион боюнча  бир чарчы метрлик аянтын ижарасынын  орточо баасы 319,05 сомду түзгѳн. Мурда ушул эле аянтча 179,74 сомду түзүп келген. “Ошондуктан, электрондук соодалашууну негизинде 1 чарчы метрлик аянттын  бир айлык ижара акысы мурдагыдан баасы 69% га көбөйдү ", - деди Исакулов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн