Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 01:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Мамлекеттин эсебине 720 батир жана Көлбаевдин 6 кымбат баалуу унаалары өткөрүлүп берилди

22.11.2023 12:16
141
Мамлекеттин эсебине 720 батир жана Көлбаевдин 6 кымбат баалуу унаалары өткөрүлүп берилди


38 кыймылсыз мүлк, имараттар жана жер тилкелери ыктыярдуу түрдө мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.


“Ошондой эле курулушу бүтө элек 720 батир, 15 үлүш жана чарбалык ишканалардын уставдык капиталындагы үлүштөрү кабыл алынган. 356 унаа мамлекеттин менчигине конфискацияланган, өз ыктыяры менен өткөрүлүп берилген жана долбоорлор аяктагандан кийин эл аралык уюмдардан алынган”, - деди ал.


Журналист М.Машиевден Камчы Көлбаевдин канча жана кайсы мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн сурады.


Буга М.Машиев кимдин жеке менчиги мамлекеттин менчигине өткөнүн Көлбаевдин же башка бирөөнүн менчиги деп бөлбөйбүз деп жооп берди. «Мен буга чейин айткандардын арасында анын менчиги болушу мүмкүн. Кылмыш иштеринин алкагында жыл сайын өз ыктыяры менен мүлктөр бизге өткөрүлүп берилет. Бирок ошол 720 батир ушул иш-чаралардын алкагында кабыл алынган. Кечээ унаалардын аукционго коюлуп жатканына өзүңүздөр күбө болдуңуздар. Бул унаалар да Көлбаев окуяларынын алкагында биринчи партиясы болуп эсептелет», - деп түшүндүрдү ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн