Бугу 20, 2024
Убакыт: 06:12
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мамлекеттик мүлк тармагын реформалай баштаган Токтогул Тумановду да кетирип тынды

15.12.2020 10:39
597
Мамлекеттик мүлк тармагын реформалай баштаган Токтогул Тумановду да кетирип тынды


Жакында Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басары Токтогул Туманов кызматтан алынды. Анын ордуна кызмат талашып, деңгээлине карабай эле жулунгандардын бири барган болсо керек. Ага кызыккан деле жокпуз. Бирок, бул тармактагы кирешелерди 3 эсеге чейин көбөйтүүгө тоодой салым кошуп, пайданы 10 эсеге чейин арттырууну максат кылып жаткан Тумановду кызматтан алуу мамлекетке эле зыян алып келбесе, башка пайдасы жок. Жеке бизнеси, өзүнө жете турган оокаты бар кишинин кылы деле кыйшайбат. Бирок, мамлекетти ойлош керек да.


Мындан үч жыл мурда “Мүлк” мамлекеттик ишканасына директор болуп, ал жактагы кароосуз калган имараттарын тикелеп, “Ак Кеме” сындуу мейманканалардын кирешелерин арттыра баштаганда ошол кездеги таасирдүү адамдардын биринин тууганына анын орду керек болуп калып, Тумановду орун басарлыкка которуп койгон эле. Бирок, Токтогул мырза да өжөрлөнүп, кабагым-кашым дебей өлкө үчүн жан үрөдү. Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү үчүн электрондук аукционду катуу көзөмөлгө алып, “Каравандан” башкаларын ага кошо баштады. “Каравандан” кыйкырып чыккандардан өйдө жактагылар да жалтактап турса кантсин? Же чечкиндүү болууга жете турган укук бербесе. Мамлекеттин казынасы какшаганына карабай имараттарды итбекер иштетип жаткандар Тумановго айтпаган сөздү айтты. Ошентсе да бул киши катуу туруп, иштеп келди. Эми мамлекет үчүн жан үрөгөн адамга ушундай мамиле жарайбы? Өсөм деген өлкөдө кадрларга мындай мамиле жарабайт!

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн